• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

14 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелгендердин сүрөтү жарыяланды

6 Аяк оона 2022 10:15 Бишкек Govori.TV

Кадамжайда 14 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 4-сентябрда саат 15:25тер чамасында Кадамжай районундагы сел өтүүчү туннелдин ичинде мыкаачылык менен киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Халмион айыл аймагынын 14 жаштагы К.А. аттуу тургунунун сөөгү табылган.

Окуя болгон жерди кароо учурунда кыздын колу артка жип менен байланып, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү байкалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 25 жаштагы М.Ш., 27 жаштагы Г.Д. жана 24 жаштагы А.у.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жашы жете элек кыздын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 2753