• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошто 17 жаштагы кыз асынып алды

21 Кулжа 2021 14:53 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында 17 жаштагы кыз өз жанын кыйды. Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя 20-июндан 21-июнга караган түнү саат 3:00дөр чамасында болгон. 2004-жылы туулган кыздын сөөгү Оштогу окуу жайлардын биринде жайгашкан спорттук аянтчадагы турникте асынып турган абалда табылган.

«Ата-энеси кызынын сөөгүн соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышты»,-деп айтылат маалыматта.

Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгында катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 245