Бишкек шаарынын Ч.Айтматов проспектисинде төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгын иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы айтылды.
Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргөн иликтөөдө аныктагандай, үстүбүздөгү жылдын 9-сентябрь күнү болжол менен 14:30дар чамасында “Шкода Октавия” үлгүсүндөгү унаа үйлөнүү үлпөт тойдогу кортеждин катарында бара жатып, андан калып калган. Андан кийин унаа Ч.Айтматов көчөсү менен түндүктү көздөй багыт алып бара жатып, карама каршы тилкеге чыгып, жолдо келе жаткан жүргүнчү ташыган автобус менен кагышкан.
Учурда шаардык милициянын Тергөө кызматы тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, кырсыктын чоо-жайы аныкталууда — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 9-сентябрда «Шкода Октавия» жеңил унаасынын айдоочусу Чыңгыз Айтматов проспектиси менен түндүктү көздөй кетип баратып, карама-каршы тилкеде келаткан №8 автобус менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил машинедеги 17 жаштагы төрт бала мүрт кетип, жети киши жабыркаган.