• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

+18. Хабиб Нурмагомедовдун достору дагестандык мушкерди сабап жаткан видео тарады

17 Тогуздун айы 2019 10:54 Бишкек Govori.TV

Mash каналы мушкер Расул Мирзаевди белгисиз адамдардын ур-токмокко алып жатышканы жөнүндө 2016-жылкы видеону жайгаштырды. Ал эми «Евроспорт» басылмасынын маалыматы боюнча UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун достору жана жакындары экенин айтылган.

Баары Москвадагы түнкү клубда болгон, анда Конор Макгрегордун досу Артем Лобов эс алып жаткан. Анын жанына барган Нурмагомедовдун фанаттары Конорду ар түрдүү сөздөр менен мазакташкан, уруш чыккан. Урушка Лобов тараптан Мирзаев кийлигишип массалык мушташ жаралган.

«Нурмагомедовдун фанаттарынын арасында анын туугандары да болгон. Кийинчерээк Мирзаевдин үйүнө бита жана чынжыр көтөргөн жарандар кирип барып, ур-токмокко алынган. Аны сабашып, травматикалык пистолет менен жарадар кылышкан. Ал учурда Расул бетинин баары кан болуп, жерде жатканын, анын үстүнөн бирөө басып алганын көрсө болот», — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары видеодо сабап жаткандар Мирзаевден кечирим суроосун талап кылып жатканын көрүүгө болот.

https://youtu.be/bHW5GnpUhLE

Количество просмотров: 978