• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

2 410 адам Кыргызстандын жарандыгын алды

17 Жалган куран 2021 9:07 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө 11 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 7 Жарлык 2410 адамды (1802 — чоң адам жана 608 — бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар (Кыргыз Республикасынын мурунку жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары менен никеге тургандар) жана 4 Жарлык 982 адамды (780 — чоң адам жана 202 — бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Белгилей кетсек, 2020-жылы өлкө калкынын саны 6,5 миллионго жетти. 

Количество просмотров: 95