Чүй облусунун аймагында автоинспекция кызматкерлери тарабынан бир аптада 2 миң 833 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 11 айдоочу унааны мас абалында башкарса, дагы 16сы документи жок автоунаа айдашкан.
«Жогорку ылдамдыкта айдоо – 1023, атайын айып унаа токтотуучу жайына 37 унаа токтотулган»,-деп айтылат маалыматта.