• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

2 медкызматкерден COVID табылды

9 Жетинин айы 202010:22 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1 медкызматкер вирус жуктурган. Ал эми бир суткада стационардан 8, үй карантининен 6 медкызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3649 учур катталды, алардын ичинен 3436 медкызматкер сакайды.

Количество просмотров: 63