• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

20-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

19 Кулжа 2020 17:18 Бишкек Govori.TV

20-июнда түнкүсүн Кыргызстандын тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Чүй, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын аймактарында жаан жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;

Таласта түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29;

Ош, Жалал-Абад, Баткен областарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;

Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +28…+30.

Количество просмотров: 310