• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

200 миң пара алган прокурор ооруканага түштү. КамАЗ тебелеп кеткендердин биринин боюнда бар экен. Соңку жаңылыктар. 17.04.18.

17 Чын куран 2018 16:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.04.2018. Govori.TV
“Капитал” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору С. Дибров шектүү катары кармалды
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаковго козголгон кылмыш ишинин алкагында “Капитал” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору С. Дибров шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. Болсунбек Казаков өзү 10-апрелде, анын мурдагы орун басары Бакытбек Мураталиев 13-апрелде кармалган. Аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 307-беренеси (“Лицензиялык уруксат берилген ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон. Казаков менен Мураталиев боюнча Биринчи май райондук соту чечим чыгарып, аларды бир айга камакка алган.
200 миң пара алган прокурор ооруканага түштү 
200 миң доллар пара алууга шектелип кармалган прокуратура кызматкери Улан Чалбаев ооруканага түштү. Бул туурасында  Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.»Улан Чалбаев кан басымы көтөрүлгөнүнө байланыштуу ооруканага жаткырылды. Калган маалыматтар айтылбайт», — деди УКМКнын басма сөз кызматы.Эске салсак, кечээ, 16-апрелде Башкы прокуратуранын прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
КамАЗ тебелеп кеткендердин биринин боюнда бар экен
Кечээ КамАЗдын алдында калып каза тапкан келиндин боюнда бар экендигин  Бишкектин тез жардам көрсөтүү борборунан айтышты.Белгилей кетсек, кырсык  16-апрель күнү кечинде Ауэзов көчөсүндө болгон. Түндүк тарапты көздөй бараткан жүк ташуучу унаа 15 жаштагы кыз менен 20 жаштагы келинди коюп кеткен. Анын кесепетинен жабыркагандар оошол жерден көз жумган. КамАзды айдап бараткан 60 жаштагы айдоочу окуя болгон жерден кеткен эмес.Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кыз менен келин унаа коюп кеткенден кийин тирүү болгонун, бирок Тез жардам келгиче үзүлүп кеткенин маалымдады.Бардык материалдар тергөөгө берилип, айдоочу кармалды.

Теги:
Количество просмотров: 15