• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

2018-2019-окуу жылынын аягына чейин өлкөдөгү мектептердин баары интернетке туташтырылат

25 Аяк оона 2018 15:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек.25.09.2018.Govori.TV.

Азыр мектептерди 100 пайыз интернетке улоо үстүндө иш жүрүп жаткан маалы. Билим берүү жана илим министрлиги учурда  мектептердин 67% дүйнөлүк желеге туташканын маалымдады.

Быйылкы окуу жылынын аягына чейин калган  мектептер дагы интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгүн алат. Алардын саны 693тү түзөт.

Жаңы окуу жылы башталгандан тарта Кыргызстандагы мугалимдер жана окуучулар кошумча билим берүү ресурсу катары эки мультимедиалык комплексин алышты.

Андан сырткары мугалимдерге квалификациясын жогорулатуу жана онлайн түрүндө кайра даярдыктан өтүү боюнча шарттар түзүлдү.

Количество просмотров: 28