• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

2019-жылы Кумтөр кенинен 15,5 тоннадан кем эмес алтын өндүрүлөт

22 Жетинин айы 2018 16:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.11.2018.Govori.TV

Кийинки жылы Кумтөр кенинде 15,5 тоннадан кем эмес алтын өндүрүү пландаштырылды. Бул тууралуу маалымат премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушуу маалында белгилүү болду.
Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, биринчи кезекте, кенде жүргүзүлгөн геологиялык иликтөө иштеринин оңдуу жыйынтыктарын эске алуу менен, Кумтөр кенине тийиштүү маселелер талкууланды.
Скотт Перри Премьер-министрге маалымдагандай, акыркы бир нече жылдын ичинде эл аралык, анын ичинде кытай компаниялары «Centerra Gold Inc.» инвестиция салууга же сатып алууга кызыкдар экенин билдиришкен.
Бирок, азыркы тапта компания кандайдыр бир расмий сунуштарды аkufy ‘vtc/

Булак: 24.KG

Количество просмотров: 33