• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

2019-жылы Кыргызстанда соттун чечими менен 20 интернет сайт жабылган

25 Бирдин айы 2020 19:10 Бишкек Govori.TV

2019-жылы Кыргызстанда соттун чечими менен 20 интернет сайттын иши тосмолонуп, жабылды. Бул тууралуу 25-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинде “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр талкууланып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлү билдирди.

Анын айтымында, былтыр Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган 15 чечимдин негизинде 20 сайт жана социалдык түйүндөрдөгү 98 аккаунт тосмолонуп, мобилдик мессенжердеги 26 топ жабылган.

Буга алар террордук жана экстремисттик маалымат таратканы негиз болгон.

Количество просмотров: 79