• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

21-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт

18 Аяк оона 202313:45 Бишкек Govori.TV

21-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү токтотулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, бейшембиде саат 9:00дөн 15:00гө чейин Ч.Айтматов проспектиси, 93/1, 93/2, 93/3, 93/4, 93/5, 93/6, Тыналиев көчөсү, 139/3, Т.Океев көчөсү ,39/3, 39/4 даректеринде суу болбойт.

Суу аэропорт суу топтомо жайында жана шаардык суу түтүгү тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 154