КР ТИМ Новосибирск-Бишкек каттамы боюнча буга чейин авиабилеттерди сатып алган Кыргызстандын жарандарын алып келүү маселесин макулдашты
2020-жылдын 22-апрелинде Россия Федерациясы Кыргызстандан өзүнүн жарандарын алып кетүүнү мерчемдеген. Россия тарабы менен ушул эле рейс боюнча Новосибирск шаарындагы мекендештерибизди алып келүү тууралуу макулдашуу жетишилди.
Буга чейин пландаштырылган каттам менен мекенине учуп кете албай калган, колдоого жана жардамга өзгөчө муктаж болгон КР жарандарына Новосибирскте убактылуу жайгаштырууда жана тамак-аш менен камсыздоодо диаспоралык уюмдар тарабынан көмөк көрсөтүлдү.