• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

22 жыл диплому жок иштеди делген Коргоо министрлигинин кызматкери камакка алынган эмес

12 Бугу 2022 12:35 Бишкек Govori.TV

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жогорку окуу жайды аяктаганы тууралуу диплому жок 22 жылдан бери жогорку кызматта иштеп келген Коргоо министрлигинин кызматкери кармалганы маалымдалган. Бул тууралуу маалымат каражаттары күч органдарындагы өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан.

Анда айтылгандай, Коргоо министрлигинин кызматкери жогорку билими жок экенин мойнуна алган. Шектүү Коргоо министрлигинин майору К.П.В. экени кабарланган.

УКМК бул тууралуу маалыматты комментарийсиз калтырган.

Ал эми КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы Govori.TVга бул тууралуу маалымат берип, жогоруда аталган кызматкер камакка алынбаганын, учурда өз кызматында ишин улантып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, Коргоо министрлигинин К.П.В. аттуу офицери КР куралдуу күчтөрүндө 1997-жылдан бери аскердик кызмат өтөп келет.

«К.П.В. 2009-жылы офицердик кызматка дайындалып, белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин ага «лейтенант» офицердик наамы ыйгарылган. Бул аскер кызматчысынын функционалдык милдеттерин аткаруудагы жана аскердик кызматтагы күч-аракетин эске алып, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин көрсөтмө документтерине ылайык жана жогорку аттестациялык комиссиялардын чечимдеринин негизинде кийинчерээк жогорку кызматтарга көтөрүлгөн», — деп билдиришти мекемеден.

Кошумчалагандай, ошол кезде жобого ылайык диплом жок эле комиссия түзүп чечим кабыл алынган.

Количество просмотров: 1440