Бир сутка ичинде өлкө боюнча 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
«Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 8, Ош шаарында 3, Ош облусунда бир, Нарын облусунда 3, Талас облусунда бир жана Жалал-Абад облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыгарылды»,-деди Үсөнбаев.
Кошумчалай кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 533 учур катталды, алардын ичинен 381 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.