Бишкек. 23.01.2019.Govori.TV.
24-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарына туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6,
Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5,
Баткен, Жалал-Абад, Ош аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3,
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15 градус болот.
Бишкек шаарында түндө жана эртең менен туман түшүшү ыктымал. Абанын табы түнкүсүн -3…-5, күндүз 3…5 градус жылыйт. Жаан-чачын болбойт.