• Жекшемби 4 Бештин айы 2022
  • Воскресенье 4 Декабрь 2022

25-ноябрда Бишкектин айрым райондорунда суу токтотулат

24 ноября 2022 в 10:08 Бишкек Govori.TV

Эртең, 25-ноябрда Бишкектин айрым райондорунда суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең саат 9:00дөн 18:00гө чейин борбор калаанын Панфилов – Түгөлбай Ата – Бөкөнбаев – Логвиненко көчөлөрү менен чектелген аймагында суу өчүрүлөт.

Суу берүү диаметри 400 мм болгон түтүктү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Төмөнкү турак жай имараттарында суу өчүрүлөт:

  • Логвиненко көчөсү № 8, 8/1, 8/2, 8/3, 10, 12, 14, 14б, 3, 3а, 7, 13а, 13/1, 13;
  • Бөкөнбаев көч. № 144а, 144, 142, 138, 138/2, 138/2А, 132, 130, 128;
  • Панфилов көч. № 136, 134, 120;
  • Чуйков көч. №133, № 113а.
  • Логвиненко көч. №8, №10 даректеринде жайгашкан насостук станциялар.

Ошондой эле уюмдар:

  • Логвиненко көч. №18 — Бишкек медициналык колледжи;
  • Логвиненко көч. №8 — Республикалык СПИД борбору;
  • Логвиненко көч. № 14б — «Yusa» рестораны;
  • Логвиненко көч. № 13 — Ч.Айтматов атындагы кино үйү;
  • Бөкөнбаев көч. № 144а —С.Б.Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институту;
  • Бөкөнбаев көч. №144 – «Евролаб» лабораториясы;
  • Бөкөнбаев көч.№142 – «Тесто-Место» кафеси;
  • Бөкөнбаев көч. № 138 — Кыргыз инженердик изилдөөлөр башкы институту;
  • Бөкөнбаев көч. №132 — «Фурусато» кафе ;
  • Бөкөнбаев көч. №130 — «Turkish airlines» авиакомпаниясы;
  • Бөкөнбаев көч. №128 – «Медипарк» диагностикалык борбору.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Количество просмотров: 137

Бишкектеги 4 райондун атын өзгөртүү сунушуна макулсузбу?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда