• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

26-апрелде күтүлгөн аба ырайы

25 Чын куран 2023 14:22 Бишкек Govori.TV

26-апрелге караган түнү Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24,

Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү температурасы 6…8°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° болот.

Количество просмотров: 143