Адам өлүмдөрү Түндүк Хорасан, Хормозган, Альборз жана башка провинцияларында катталган.
Маалыматтарга ылайык 176 адам ооруканада жатат.
«ИСНА» маалымат агенттиги каза тапкандардын көбү Хормозган провинциясынан экенин жазды. Ал жактагы Бандар Аббас порттук шаарында 16 киши каза болгону айтылууда. Калаадагы оорукананын өкүлү Фатеме Норузян дагы сегиз кишинин абалы оор экенин билдирди. Бандар Аббастагы полиция бөлүмүнүн башчысы Исмаил Машаехтин айтымында аракты колго жасаган түгөйлөр жана аны алып саткандар кармалды.
1979-жылкы революциядан кийин Иранда спирт ичимдиктерине тыюу салынган, эреже бузгандарга айып каралган. Бирок ирандыктардын көбү үйдө жасалган ичимдиктерди ичишет.