• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

27 жаштагы кызды уурдаган шектүү өлүм астында апасына билдирүү жөнөткөн (аудио)

8 Чын куран 2021 14:33 Бишкек Govori.TV

27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдап өлтүрүүгө шектелген жарандын бир тууганына жиберген акыркы аудио билдирүүсүн «Kaktus.media» сайты жарыялады.

Аудио билдирүүнүн башында жакындарына салам айтып,кечирим сураган.

«Апа, тынч болуңуздар! Менден кеткен күнөө болсо, мени кечирип коюңуздар! Мен Айзаданы сүйдүм, ушунча күттүм. Ага мен: «Башынан жашайлы, башынан баштайлы», — десем болбоду. Бир айтты «күт» деп. Макул дедим. Эки айтты «күт» деп. Эми үчүнчүсүндө ишене турган эч нерсем жок. Мына жанымда отурат. Мына дагы суранып жатат, жалган айтып. Мен азыр айтып коёюн, мени акыркы жолу угуп жатасыздар», — деген билдирүү жиберген.

Белгилей кетсек, 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган. Шаардык милиция аны уурдоого шектүү 31 жаштагы жаран алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Количество просмотров: 1370