1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын өлүмнө шектүү Т.З. мурда соттолгон болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Криминалдык милициянын начальниги Улан Айтбаев билдирди.
«Маркум Орусиядан Кыргызстанга 2017-жылы келген. 4 жылдан бери Бишкек шаарында жашап жаткан. Инисинин айтымында, ал мурда Орусиядан 6,5 жылга соттолуп, каракчылыкка байланыштуу отуруп чыккан. Бул маалымат текшерилип жатат. Шектүү акыркы учурда таксист болуп иштеп жүргөн. Унаада уктап, жумушка барып жүргөнү аныкталды. Буга чейин үйлөнүп эки баласы болгон. Маркум кыз менен төрт айдан бери сүйлөшүп жүргөн», — деди Айтбаев.