• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

28-апрелде күтүлгөн аба ырайы

27 Чын куран 2023 14:23 Бишкек Govori.TV

28-апрелге караган түнү Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32,

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22,

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 11…13°, күндүзгү температурасы 29…31° болот.

Количество просмотров: 79