Кечээ трибунада сүйлөп жаткан Дональд Трампка ок аткан адам 20 жаштагы Томас Метью Крукс экени аныкталган. Бирок, анын огунан митингге чогулган элдин арасынан бир адам өлүп, экөө жарадар болгон.
Аны Трампты мурдагы президент катары кайтарган Жашыруун кызматтын кызматкерлери атып өлтүрүшкөн. Укук коргоо органдары Томас Крукс аткан куралды мыйзамдуу түрдө анын атасы жарым жыл мурда сатып алганын аныкташты. Анонимдүү булактарга таянып, Associated Press агенттиги жазып чыкты.
Америкалык басма сөз каражаттарынын жазганына караганда, кол салуу болгон убакта Крукс Demolition Ranch деген логосу бар кийимчен жүргөн. Бул Ютубдагы миллиондогон катталуучусу бар, куралдар менен жардыргыч заттар көрсөтүлгөн видео канал.
ФБРдин Питссбургдагы бөлүмүнүн башчысы Кевин Роджек «азыркы убакта анын эмне үчүн ок атууга барган мотивин аныктай элекпиз»,-деди.
Кол салуу болгондон кийин жекшембиге караган түнү полиция Крукстардын үйү жашаган аймакты курчоого алып, коңшуларын эвакуация кылды. Жергиликтүү полиция Крукстун үйүндө жардыргыч заттар табылганын айтууда.
.