• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

4-декабрда Кыргызстан «Манас» күнүн белгилейт

3 Бештин айы 201813:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.12.2018. Govori.TV

4-декабрда Кыргызстан «Манас» күнүн белгилейт. Бул күнү саат 9да  Жогорку Кеңештин жыйындар залында илимий-практикалык конференция жана саат 14:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында салтанаттуу иш-чара өтөт.

Буга чейин белгилүү болгондой, “Манас” эпосу 2013-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесинин катарына катталган.  Ошондон тартып 4-декабрь КР өкмөтүнүн токтому менен 2014-жылдан бери «Манас күнү» деп белгиленип келе жатат.

Бул күндүн урматына учурда Бишкек шаарында «Манас — дүйнөлүк маданияттын улуу мурасы» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмөнү А.Осмонов атындагы улуттук китепкана уюштурган.

Жарманкеге Манаска, Семетейге жана Сейтекке байланыштуу 1940-жылдан бери жарык көргөн 110 китеп коюлган.

Количество просмотров: 61