• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

4-кабатынан секирген кыздын абалы оор

16 Үчтүн айы 2020 14:17 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги турак үйдүн 4-кабатынан секирген кыздын абалы оор. Бул тууралуу борбор калаадагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, 4-кабаттан секирген кыз кечээ, 15-январда саат 20:30да ооруканага түшкөн.

«Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө жатат, анын абалы оор», — дейт Кубатбеков.

Биринчи Май районунун милициясынын маалыматында, окуя 15-январда болжол менен саат 19:00дө болгон. Жибек Жолу менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишиндеги 5 кабаттуу үйдүн 4-кабатынан 19 жаштагы М.С. аттуу кыз секирген.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жана тез жардам кызматынын дарыгерлери барышкан.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде 136-беренеси («Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү») беренеси боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 83