• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

4 президент келет. Чолпон-Атадагы абал

20 Теке 2022 18:36 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарында саммитке даярдык кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстанга Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери келе баштады. Жыйындын катышуучуларынын жана анын меймандарынын коопсуздугун камсыз кылууга, Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын бардык күч жана каражаттары тартылды.

Туристтик сезонго тоскоолдуктар жаралган жок, жай тургундардын тиричилиги кадимки нукта уланууда. Деген менен «Ысык-Көл» аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки тилкеде жол кыймылы маал-маалы менен токтотулуп жатат.

Кошумчалай кетсек, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешмеси өтөт. Ага коңшу өлкөлөрдүн лидерлери келе баштады. Мунун алдында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кеңешмеси болду. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаров Казакстан, Тажикстандын тышкы иштер министрлери Мухтар Тлеуберди, Сирожиддин Мухриддин жана Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов, Түркмөнстандын элчиси Шадурды Мередовду кабыл алды.

Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусунун алкагында регион өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту, ынак коңшулаштыкты жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган документтерге кол коюу пландалууда.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Количество просмотров: 187