• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

4 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны Нарындан кармалды

7 Бештин айы 2020 11:54 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 4-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун жана Нарын ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жаранын кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

«Россия Федерациясынын жараны 41 жаштагы М.В. карата 2016-жылдан бери Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 2-бөлүмүндө (Баңгизаттарды сатуу жана сактоо) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн укук коргоо органдары издөө жарыялаган», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда кармалган М.В. Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилди.

Кошумчалангандай, эл аралык издөөдө жүргөн шектүүнү өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатат.

Количество просмотров: 160