• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

5-январда күтүлгөн аба ырайы

4 Үчтүн айы 2023 16:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 5-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;

Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +4…+9;

Жалал-Абад, Баткен, Ош ​облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +2…+4 градус болот.

Количество просмотров: 3699