• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

6 медкызматкерден коронавирус табылды

10 Кулжа 2020 10:25 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.Илдет жуктурган медицина кызматкерлер

«Бишкек шаарында 1, Чүйдө 3, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1 учур катталды. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 1 медкызматкер айыгып чыгарылды»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 409 учур катталды, алардын ичинен 294 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Количество просмотров: 61