• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

6 жашар кызын зордуктоого шек саналган ата. Милиция окуянын чоо-жайын айтты

13 Теке 2022 16:23 Бишкек Govori.TV

Араван районундагы алты жашар кызды зордуктоого шек саналган 63 жаштагы жарандын кылмышы тергөөдө далилденген жок. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, былтыр 16-декабрда Араван районунун Тепе-Коргон айылынын тургуну жергиликтүү милицияга кайрылган. Ал арызында 2021-жылдын 3-14-декабрь күндөрү кызына 62 жаштагы күйөөсү ыплас аракеттерди жасагандыгын билдирип, чара кѳрүүнү суранган. Бул арыз ошол эле күнү бирдиктүү реестрге катталып, тиешелүү адамдар суракка алынган. Суракта бардык тараптар, анын ичинде кичинекей кыз да апасы жана социалдык кызматкердин катышуусунда көрсөтмө берген. Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза да жүргүзүлүп, денесинде сыйрылган, чийилген, көгөргөн тактар, жарааттар жок экендиги жана кыздык белгиси калыбында деген жыйынтык чыккан.

Сурак учурунда шектелип жаткан кыздын атасы суракта өзүнүн кызына эч кандай жаман аракеттерди кылбаганын белгилеп, аялы ушундай аракети менен алар жашап жаткан үйдү жана соода-сатык кылган дүкөндү өзүнө ѳткѳрүп алууну көздөп жатканын айткан.

«Шектелип жаткан атага соттук-психиатриалык экспертиза дайындалганда андан психикалык оорунун белгилери табылган эмес. Экспертизалардын жыйынтыгынан соң бул иште кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулган», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Дүйнөхан Камбарова 6 жашар кызына жолдошу бир нече жылдан бери ыплас аракеттерди жасап келгенин айтып ЖМКлардын бирине кайрылган.

Теги:
Количество просмотров: 5705