• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

 70 миң доллар акчаны сейфи менен уурдоого шектүү жаран кармалды

18 Тогуздун айы 2018 9:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.10.2018.Govori.TV.
Чүй облусунун Сокулук районунда 12-сентябрда көп суммадагы акча жана баалуу буюм уурдалган. Аталган окуя болжол менен саат 14:00дөрдө Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринде болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
«Уурулар сейфти алып кетишкен, анда 70 миң доллар жана кымбат швейцар сааты, алтын буюмдар, көптөгөн документтер болгон. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, сейфтин жалпы салмагы 150 килограмм болгон. Аны терезе аркылуу сыртка чыгарып, кол арабага салып, андан ары унаасына жүктөп белгисиз тарапка качып кетишкен. Жогорудагы окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган»,- деп жазылган маалыматта.
Учурда кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалган. Ошондой эле дагы 2 жаран шектелип, изделүүдө.
 
Количество просмотров: 14