• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

79 медкызматкерден коронавирус табылады

11 Теке 202010:31 Бишкек Govori.TV

11-июлга карата 79 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Бишкек шаарында 20, Чүй облусунда 34, Ош шаарында 8, Ош облусунда 3, Нарын облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 3, Баткен облусунда 6 медкызматкер илдетке кабылды»,-деди Акматова.

Ошол эле учурда 10 медициналык кызматкер аталган илдеттен сакайды.

Кошумчалай кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 1529 учур катталды, алардын ичинен 546 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.

Количество просмотров: 89