8 жаштагы кызды сабаган өгөй энеге кайын энеси болушуп чыкты
8 жаштагы кызды сабаган өгөй энеге кайын энеси болушуп чыкты
14 Жалган куран 201811:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.14.03.18.Govori.TV
Өгөй апасы сабап оор акыбалда №3 балдар ооруканасына түшкөн 8 жаштагы кыздын чоң апасы келинен болушуп кызды апасы эмес бир тууган агасы урган деп айтып чыкты.
Кыздын чоң энеси Гүлайым Абдыкеримова «Неберемди өгөй апасы урган эмес, ага 100 пайыз ишенем аны бир тууган агасы урган. Келинимдин бала сабай турган түрү жок. Эгер ал ура турган болсо буга чейин эле анын агасын сабамак да. Неберем өзү тентек кыз. Келиним ооруп ооруканада жатса агасы карындашын дагы сабап салыптыр.Ал эми өзүнүн апасы кайда жүргөнүн билбейбиз. Көп жыл болду «балдарды бак» деп уулума таштап кеткен бойдон бир да жолу кабар алган эмес. Келинимдин мынчалык сабаганына мен ишенбейм» дейт чоң энеси.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарында 8 жаштагы кыздын сабалганы кабарланган. Кыз видеодо аны өгөй апасы чөмүч менен башына койгулап урганын, кийин отургуч менен сабаганын айтып берген. Ал нан уурдап жеген учурда ага үйүндөгүлөр тамак бербей коюшканын кошумчалаган.