• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Өгөй энесинен токмок жеген 8 жаштагы кыз балдар интернатына которулат

19 Жалган куран 201813:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.03.2018.Govori.TV.

Бишкек шаарында өгөй апасы тарабынан зомбулукка кабылган  8 жаштагы кыз бүгүн, 19-мартта ооруканадан чыгарылып, балдар интернатына которулат. Бул туурасында  Аламүдүн райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.

Ал  балдар интернатынын кароосуна кыздын 10 жаштагы бир тууган агасы да алынат.

Анын айтымында «Учурда балдардын өздөрүнүн апасы изделүүдө. Азырынча апасынын бир туугандары гана табылды. Эгер алардын балдарды багууга шарты ылайыктуу болсо балдар тайлары тарабына багууга берилет. Ал эми кызды токмокко алган өгөй энеси 1 айга камакка алынып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Анын 2 жаштагы жана 4 айлык балдары ымыркайлар үйүндө каралууда. Алардын да туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок болуп чыкты»,-дейт.

Эске сала кетсек, ушул айдын 12-мартында Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасына өгөй энеси тарабынан сабалып оор акыбалдагы 8 жаштагы кыз келип түшкөн. Ал өгөй энеси нан жегени үчүн урганын айткан.

Количество просмотров: 35