• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

9 жашында сүннөткө отургузулган бала кан токтобой, ооруканага түштү

29 Теке 2019 17:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.07.2019.Govor.TV.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы мечиттердин биринде  9 жаштагы бала сүннөткө отургузулуп, бирок кан токтобогондуктан баланын ата-энеси ооруканага  кайрылышты. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалым болгондой, 25-июль күнү жергиликтүү мечиттердин биринде 9 жаштагы бала сүннөтткө отургузулуп, жыйынтыгында түнү менен кан токтобой койгон. Буга байланыштуу баланын ата-энеси дарыгерлерге кайрылууга туура келген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 48