• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«90 гектарды ээлеп алышкан». Жер тилкесине муктаждар эмнеге нааразы?

1 Жалган куран 2021 18:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-мартта жеке менчик үй куруу үчүн жер участогуна муктаж болгон жүздөгөн адам Бишкектин Ак-Жар конушуна топтолушту. Алардын арасында көп балалуу, жалгыз бой энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар.

Акциянын катышуучулары жер участогун Бишкек шаарына жакын жерден бөлүштүрүүнү жана бул маселеге президент Садыр Жапаров жеке көзөмөл кылуусун талап кылышып, эгерде талаптары аткарылбаса нааразылык акциясын уланта турагандыктарын билдиришти.

Акциянын катышуучусу Гүлжан Нуркулова Бишкек шаарынын тегерегиндеги жерлерди айрым акчасы барлар менчиктештирип, карапайым калк жер ала албай жатканын белгиледи.

«Нааразы болгон эл эртең менен саат 9:00дөн баштап турушат. Акыйкаттык үчүн бизге мыйзам иштебейби? Барбаган жерибиз, какпаган эшигибиз калган жок. Жыйынтык болбогонунан улам, акцияга чыкканга туура келди. Өзүм экинчи топтогу майып, беш баланын энесимин. Ушул убакка чейин кезекке туруп, жер тилкесине жете албай келебиз. Эмне үчүн жогорку жакта акчалуулар гектарлап жерди ээлеп алышат? Ал эми бизге окшогон карапайым эл жүрө береби? Мамлекет кыйналган элге көңүл бөлбөй жатат», — деди Нуркулова.

Ал эми акциянын дагы бир катышуучусу бир канча жылдан бери батирде жашап, алигиче жер участок ала албай жүргөнүн айтты.

«Ак-Жар конушундагы жер тилкелер четинен сатылып жатканын жергиликтүү тургундар айтып жатат. Мисалы, 8 гектар бир адамга таандык экен. Ал эми ушул жердеги 90 гектар жер үч эле адамга таандык экенин уктук. Эмне үчүн алар ушунча жер алат? Биз 4 сотук жер ала албай жүрөбүз», — деди акциянын катышуучусу.

Ошондой эле алар Финпол менен өкмөткө дал ушул маселе боюнча кат жолдошконун айтып, жыйынтык чыкпай жатканын кошумчалашты.

Количество просмотров: 814