• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

А. Бабакулов: «Кырк кыз» фестивалы эч кандай феминисттерге каршы митинг кылган жок

11 Жалган куран 2019 15:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.03.2019. Govori.TV

«Кырк кыз» фестивалы эч кандай феминисттерге каршы митинг кылган жок. Бул тууралуу жарандык активист Аманбол Бабакулов өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Ага ылайык, бул фестиваль эки айдан бери уюшулуп келе жаткан улутук долбоор.

“Фестивалдын максаты кыргыз кызынын үлгүсүн көрсөтүү. Саясатташтырбагыла! Маалыматтарды да туура берүүңүздөрдү өтүнөбүз. «Кырк кыз» фестивалына эч кандай Аманбол Бабакулов, «Кырк чоро» жана башкалардын тиешеси жок”,-деп жазат Бабакулов.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 11-мартта Бишкек шаарында «Феминисттик демилгелер» кыймылына каршы жаш кыздар акция уютурушту.

Акцияга өлкөнүн ар кайсы райондорунан келген 40 кыз катышты. Катышуучулардын айтымында, алар «кыз-келиндердин укугу корголбой жатат» деген пикирлер менен макул эместиги айтылган.

Акция Курманжан Датканын арбагына багышталган куран окуу менен башталып, уюштуруучулар тарабынан сөздөр сүйлөндү.

Аягында «Кырк чоро» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү кыздардын өтүп кеткен майрамы менен куттуктап, гүл тартуулашты.

Теги:
Количество просмотров: 15