• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

А.Бекназаров: «Азыркы бийликтин оппозициясы да КСДП, позициясы да КСДП»

10 Теке 2018 15:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.07.2018. Govori.TV

Азыркы бийликтин оппозициясы да КСДП, позициясы да КСДП. Бул тууралуу «24.kg» агенттигинде өткөн маалымат жыйында мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди.

«Азыркы бийликтин оппозициясы  СДПК өзүңө-өзү оппозиция. Атамбаев менен Жээнбеков бири-бирине оппозиция. Анткени буларда дале бийликтин сүттүү жана каймактуу жерлерин таасирин талашуу али бүтө элек»- деди Бекназаров.

Мындан сырткары Бекназаров өлкөдө так ушул оппозиция бийлик жана байлык талашкандан  башталат деп кошумчалады.

«Кыргызстанда оппозиция бийлик жана байлык талашкандан башталат. Бүгүн байлык менен бийликти Атамбаев менен Жээнбековдун эки группасы талашып жатат. Башка саясий күчтөр жөн гана күтүп турабыз»-дейт Азимбек Бекназаров.

Количество просмотров: 20