• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

А.Бекназаров: “ТЭЦтеги иште депутаттар өздөрү дагы күнөөлүү” (видео)

16 Бугу 2018 13:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.05. 2018. Govori.TV

ТЭЦ чуусу Атамбаевден Жээнбековго мурас катары калган иштердин бири гана. Бул тууралуу Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров айтты.

Ал экс-президент Алмазбек Атамбаев бийлигинин тушунда эбегейсиз көп коррупциялык иштерди түздөн-түз аралашып жасагандыгын айтат.

“Алардын башкы сабында Батукаевдин түрмөдөн чыгарылып, кызыл килем менен узатылышы, “Кумтөрдөгү” коррупциялык иштер, саясий куугунтуктар, Дача-СУга кулаган каргашалуу учактагы жүк ж.б. турат”, — дейт.

Ошол эле учурда Атамбаевдин көрсөтмөсү боюнча бул маселелерди колдоп берип жаткан парламенттин дагы күнөөсү бар, саясий жоопкерчиликти алар да тартышы керектигин белгилейт.

“ТЭЦ боюнча парламентте Атамбаев менен Сапар Исаков жакка эле таш ыргытылып жатат. Парламент өзү да күнөөлүү. Алар ратификация кылган. Саясий жоопкерчиликти парламент да алыш керек. Кыргыз элинин карызга батышына парламент дагы себепкер. “Камбар-Ата” боюнча ким ратификация кылды да, кайра денонсация кылды. Карапайым элдин тиейеси жок. Русгидрого 37 млн. карызды депутаттар өз чөнтөгүнөн төлөшсүн”, — дейт Азимбек Бекназаров.

Мындан тышкары, Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековго ТЭК тарабынан орундуу талаптар коюлганын дагы кошумчалады.

“Атамбаев азыр кобрадай болуп, бийликтин каталарын эсептеп отурат. Мен аны жакшы билем, көп саясатчыларга караганда күрөштү билет. Бир учурду кармап, кобрадай секирип чыга калат. Элдин жарымы Атамбаев туура айтып жатат деши мүмкүн. Атамбаевди ошентип секиртпеш үчүн Жээнбеков жана анын Аппараты парламент менен биргелешип иштеп, Жээнбековдордун кландык башкаруусун орнотпогондун алдын алуулары керек”, — дейт Бекназаров.

Анын айтымында, күзүндө ТЭКтин курултайы болуп, анда Президент Жээнбековдун бир жылдык ишине баа берилмекчи. Ага чейин ТЭЦ менен кошо бир катар коррупциялык иштерге Жээнбеков тарабынан баа берилиши керек.

Количество просмотров: 39