• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

А.Бекназаров: «Текебаев президенттен кечирим сурагыдай кылмыш кылган эмес»(видео)

16 Бугу 2018 16:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.05. 2018. Govori.TV

Текебаев президенттен кечирим сурагыдай кылмыш кылган эмес. Ал укуктук жол менен гана акталып чыгуусу керек. Бул тууралуу Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров айтты.

Ал Текебаевге ырайым берүү боюнча бир топ саясатчылар жана омбудсмен айтып чыкканы туура эмес. Анткени  Текебаев ага муктаж эмес экендигин айтып өттү.

«Мен Текебаевге ырайым берүү боюнча омбудсмен жана бир топ саясатчылар  айтып чыкканда аларга каршы чыктым. Себеби,  Текебаев ага муктаж эмес. Анын иши жасалма, буйрутма иш»-деп кошумчалады Бекназаров.

Мындан тышкары, прокуратура Жогорку сотто Текебаевдин ишин кайра  укуктук жол менен гана карашы керек экендигин баса белгиледи.

«Текебаевди жаңы ачылган жагдайлар менен прокуратура өзү кайра Жогорку сотто каратышы керек. Текебаев кечирим сурагыдай ал кылмыш кылган эмес. Бул туура эмес, ал укуктук жол менен гана акталышы керек»-дейт Бекназаров.

 

Количество просмотров: 32