• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Аалам сулуусу — 2018 » сынагынын жеңүүчүсү аталды

17 Бештин айы 2018 10:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.12.2018. Govori.TV

Филиппиндик Катриона Грэй эл аралык «Аалам сулуусу — 2018» сынагынын жеңүүчүсү деп табылды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Конкурстун эң толкундаткан ирмеми сынактын Instagram баракчасына жарыяланды.

https://www.instagram.com/p/BreQ91jAjs4/?utm_source=ig_embed

Сынактын сайтында жазылгандай, жеңүүчү Грэй 24 жашта. Ал ВИЧ/СПИД илдети менен күрөшкөн Love Yourself уюмунда иштейт. Мындан сырткары, Young Focus деп аталган коммерциялык эмес уюмдун ыктыярчысы.

Победительница международного конкурса красоты Мисс Вселенная Катриона Грэй. 17.12.2018

Филиппиндик Катриона Грэй эл аралык «Аалам сулуусу — 2018» сынагынын жеңүүчүсү деп табылды

Экинчи орунду Венесуэланын сулуусу Стефани Гутьеррес алган.

Конкурсанты, отобранные в топ-3, изображены на финальном этапе конкурса «Мисс Вселенная» в Бангкоке, Таиланд, 17 декабря 2018 года

Экинчи орунду Венесуэланын сулуусу Стефани Гутьеррес алган

Сынактын финалы дүйшөмбү күнү Таиланддын борбору Бангкок шаарында өттү. Калыстар тобунун ар бир мүчөсү Азия, Африка, Европа, Түндүк жана Түштүк Америка өлкөлөрүнөн бештен катышуучу тандап алышкан. Ал эми таажы үчүн Түштүк Африка Республикасы, Филиппин, Непал, Вьетнам, Таиланд, Польша, Бельгия, Улуу Британия, Венгрия, Ирландия, Кюрасато, Коста-Рика, Канада, Пуэрто-Рико жана Ямайканын сулуулары ат салышты.

Эске салсак, аталган сынакка Кыргызстандан Бегимай Карыбекова дагы катышып жаткан. Тилекке каршы, ал жарым финалга өтпөй калды.

Теги:
Количество просмотров: 6