• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Абайла, мектеп! Ош облусу»: “Башка жактарда бизчелик кыйналган мындай мектеп жок деп ойлойм”

6 Тогуздун айы 2021 15:26 Бишкек Govori.TV

“68-жылы мында кыштак жок болчу. Жалаң тоолор эле. Элдерди башка жактардан көчүрүп келишти. Бул жерге совхоз уюштурулду. Жүзүм, алма өстүрүлө баштады. Бул имарат колхозчулардын жатаканасы болчу. 71- же 72-жылы аны мектеп кылып беришкен. 74-жылы анын бососгосун аттап, 84-жылы аяктадым”, — дейт Нармамат, Ош болусунун Кара-Суу районунун Таш-Арык айылындагы Каныбак Абдылдаев атындагы №60 мектептин кароолчусу.    

Ал кызы мектепти бүткөнчө деп, 500 сомдук жарыбаган айлыкка иштеп жүрөт. Андан кийин университеттеги окуусун камсыздаш үчүн, мындан кетип башка жумуш издөөгө туура келет. Айылда башка жумуш жок. “Кыргызстан” совхозу банрокт болгонуна көп болду. 

“Бул – биздин ашкана. XIX кылымдагыдай бекен?”,- деп улутунат мугалимдер. Мектеп үстүнө кол чайкоого, чай ичүүгө суу коюлуучу кадимки мештер менен жылытылат. “Мурун бардык мектептерде ушундай болчу. Азыр башкалар жаңыланып заманбап болуп калган. А биздики ошол боюнча”.  

Мектептин авариялык абалга келишинин негизги себеби – “физикалык жактан эскириши жана табият кырсыктары”. 2011-жылкы жер титирөөдөн кийин мектептин дубалдарынан жарака кеткен. Экс-президент Жээнбеков ал кезде губернатор болчу, өзү келип баарын көрүп кеткен. 2014-жылы жаңы мектептин долбоорун бекитишкен. 2015-жылы котлован казылып, пайдубалын куюшкан. Андан кийин бөлүнгөн акча түгөнүп токтоп калган.     

Жаңы мектептин курулушуна 58 миллион сом керек, анча каражат жок. “Билим берүү жана илим министрлигине жүз жолу кат жаздык. Жыл сайын министр алмашат, эмне кылыш керек?! Жакында эле Жапаровго кат жаздык. Ушул кварталда 20 миллион бөлүнөт деп айтышты. Азырынча эч нерсе келе элек. Алты жылдан бери убада берип келишет”. 

Мүмкүн болбогон эң чоңунан башка жаракалардын баарын мугалимдер шыбап-жаап коюшкан. Балдар бул мектепте жумасына 6 күн  3 сменада окушат. Сменалар арасында нөлүнчү жана биринчи класстын окуучулары келишет. Партада үчтөн бала отурат.  

Терезеден күн нуру жакшы тийбейт, балдар көзүбүз ооруду деп даттанышат. Класстын кире бериши англис тилиндеги жазуу менен кооздолгон: «No pains, no gains» — анын контексттик котормосу “түйшүгү болбой, түшүмү болбойт” же түзмө-түз маанисинде “мээнет кылбай, балык кармай албайсың” дегенди түшүндүрөт. “Башка жактарда бизчелик кыйналган мындай мектеп жок деп ойлойм”, — дейт мектептин директору Абубакир Кожошев. Тилекке каршы, ал жаңылышат.  

Текст: Анастасия Валеева

Фото: Жузумкан Асхатбекова

Авариялык мектептер жөнүндө толук изилдөөнү бул жерден окуй аласыз.

Количество просмотров: 29