• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Абакка баңгизатын киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды

28 Бирдин айы 202314:32 Бишкек Govori.TV

Түзөтүү мекемесинин аймагына жалпы салмагы 510 граммды түзгөн баңгизатын өткөрүү аракетин кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматта айтылгандай, 27-февраль күнү саат 17:05 чамасында Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №10 мекемесинин кызматкерлери ИИМдин Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын СБНКнын кызматкерлери менен биргеликте түзөтүү мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракетинин алдын алышкан.

«Аталган мекеменин түштүк тарабынан КР жараны 1989-жылы туулган Ж.А.Н. мекеменин аймагына өткөрүп берүүнү көздөгөн скотч менен оролгон, кочкул жашыл түстөгү, өзгөчө жыты бар, гашиш баңги затына окшош, жалпы салмагы 510 граммды түзгөн таңгак алынган», — деп айтылат маалыматта.

Факты Жалал-Абад ОИИБнин РИИБге каттоого алынып, кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 172