Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайдын жүрүшүндө тергөө абагы отурган жана түзөтүү колонияларындагы адамдарды кармоо шарттарына тийиштүү делегаттын кайрылуусуна жооп берди.
Мамлекет башчысы тергөө изоляторлору менен колониялар эс алуучу жай эмес экенин жана алар белгиленген коопсуздук талаптарына, режимге ылайык иш алып барарын баса белгиледи.
«Тергөө абагы — курорт эмес. Коопсуздук эрежелери боюнча ал жерлерде жылыткычтарды коюуга тыюу салынган. Анын үстүнө камактагылар электр энергиясы үчүн акы төлөшпөйт, жарык жана коммуналдык чыгымдарды мамлекет, тагыраагы, салык төлөөчүлөр төлөйт. Ошол эле учурда мекемелерде жылуулук жетиштүү», — деп билдирди президент.