• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Абактагылардан мунапыс менен бошотом деп акча алган жаран кармалды

22 Бештин айы 2020 9:39 Бишкек Govori.TV

Абакта отурган 33 жаштагы Санжар Салибаев аттуу жаран Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиевдин тууганы экенин айтып, камактагылардан мунапыс менен эркиндикке чыгарам деп акча алган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Ал алдамчылык жол менен абактагылардан акча алган. Бүгүнкү күндө топтолгон маалыматтардын негизинде окуяны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоо маселеси каралууда», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

УКМКнын маалыматына караганда, Салибаев «Алдамчылык», «Документтерди жасалмалоо» жана «Абактан качуу» беренелери боюнча соттолгон.

Количество просмотров: 316