• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Абактан ооруканага которулган Мадумаровдун абалы айтылды

27 Тогуздун айы 202314:13 Бишкек Govori.TV

Абактан ооруканага которулган саясатчы Адахан Мадумаровдун абалы жакшы эмес. Бул тууралуу Govori.TVга анын жактоочусу Гуляна Убалиева билдирди.

«Бүгүнкү күндө ооруканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат»,-деди жактоочу.

Эске салсак, 26-октябрда ЖК депутаты Адахан Мадумаров абактан Республикалык кардиология борборуна которулган.

Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 24-октябрга чейин камакта калтырган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон. Кийинки отурум 30-октябрга белгиленген.

Количество просмотров: 1614