• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Абхазиянын премьер-министри жол кырсыгында каза болду

9 Аяк оона 2018 16:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек 09.09.2018.Govori.TV.
Абхазия өкмөтүнүн башчысы Геннадий Гагулия жол кырсыгына кабылып, ооруканада каза болду. Окуя 9-сентябрга караган түнү болгон. Орусия маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Сириядан учуп келип Сочи аэропортунан Абхазияга бараткан өкмөттүк кортеж каршылаш келаткан машина менен кагылышкан. Гагулиянын жан сакчысы менен айдоочусу жараат алды. Орусиянын Ички иштер министрлиги каршы линияда келаткан ВАЗ үлгүсүндөгү машиненин айдоочусунун канынан баңгизат табылганын билдирди.
Сирия жакында Абхазияны расмий тааныган. Гагулия баш болгон абхаз лидерлери ал жакка расмий сапар менен барышкан. Кортежде Абхазия башчысы Рауля Хаджимбанын да машинасы бараткан, ал жабыркаган эмес.
Гагулия өкмөттү 2018-жылдын апрель айынан бери жетектеп келаткан.

Сирия – БУУга мүчө, Абхазия жана Түштүк Осетияны тааныган бешинчи өлкө. Дүйнөнүн көп өлкөлөрү Абхазияны Грузиянын бир бөлүгү катары эсептешет.

Количество просмотров: 21