• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Абылгазиев: 2019-жылдын аягына чейин ар бир мектепте интернет болот

2 Бирдин айы 2019 9:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.02.2019. Govori.TV


 2019-жылдын аягына чейин ар бир айыл жана андагы мектептер Интернетке кошулат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында өтүп жаткан «Глобализация доорундагы санариптик күн тартип 2.0.» форумунда билдирди.

Абылгазиев мамлекеттик электрондук тейлөө көрсөтүүнүн бирдиктүү порталы ишке киргизилгендигин, ошондой эле жылдын соңуна дейре мектептерин 100% Интернетке кошууну жыйынтыктоо пландаштырылып жаткандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик органдарды ведомстволор аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумуна активдүү кошуу жүргүзүлүп, мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги электрондук маалыматтар базасын иштеп чыгуунун планы ишке ашырылууда.

Абылгазиев технологиялык стартаптарды өнүктүрүү жана жаңы малыматтык технологияларды өздөштүрүү максатында «Санариптик Кыргызстан» аттуу концепция кабыл алынганын билдирди.

«Жыйынтыгында Концепция сапаттуу санариптик мамлекеттик тейлөө көрсөтүүгө толук түрдө өтүүнү жана калктын санариптик маалыматын жогорулатылышын шарттап, ошондой эле экономиканы санариптик трансформациялоо аркылуу экономикалык өнүгүүгө жана жарандардын жашоо-шартынын жакшыруусуна алып келүүсү тийиш», – деп белгиледи Абылгазиев.

Количество просмотров: 46