• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Абылгазиев: Баасына да макулбуз дегендер бар. Электр энергиясына болгон тарифти карашыбыз керек

11 Жетинин айы 2019 17:36 Бишкек Govori.TV

Электр энергиясына болгон тарифти карашыбыз керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бюджет жана финансы боюнча комитеттин отурумунда айтты.

Жыйында ЖК депутаты Сайдулла Нышанов энергетика тармагында жакшы жылыш болбой жатканын айтып, тарифтердин баасын карап чыгуу тууралуу сөз козгоду.

Ал эми Абылгазиев: «Эми бул тариф маселесин чоң маселе, аны чоогу карап чыгышыбыз керек. Биздин көп абоненттерибиз 700 кВт мерчемине жетпейт. Муну да жакшылап карап, социалдык жактан муктаж болгонго бир тариф кылалы, калганынын баарын карашыбыз керек. Эл деле түшүнүп келе жатат. Эгер сапаттуу продукция берсең баасына деле макулбуз дегендер бар да», — деп билдирди.

Количество просмотров: 111